Спорттун каарманы: Сыноого сынбаган Тилеген
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынакка көрсөтүлгөн талапкерлердин бейнесин сунуштайт. Тилеген Рахатбеков - шахмат боюнча майыптыгы барлар арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Ал апасынын колдоосу менен тагдырдын сыноосун татыктуу жеңип, Азиянын да чемпиону аталган.