Кыргыз-түрк ооруканасында жүрөк операциясы 320 миң сом турары маалымдалды

Кыргыз-түрк достугу ооруканасы.

Бишкектеги Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын атын алып жүргөн кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүрөктүн операциясы 320 миң сом, эки клапанын алмаштыруу 450 миң сом турат. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов 3-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттарга билдирди.

Анын сөзүнө караганда, кыргыз-түрк бейтапканасында эң арзан кызмат көрсөтүү - УЗИ дарт аныктоочу аппаратка тартуу 1250 сом турат.

Байдавлетов белгилегендей, аталган ооруканада азыр Түркиядан келген 9 дарыгер, 19 медайым, ал эми Кыргызстан тараптан 19 дарыгер жана 30 медайым иштеп жатат, оорукананын жетекчиси Түркиядан дайындалган, анын орун басарлыгына Осмон Масалиев аттуу дарыгер беш жылдык мөөнөткө бекитилген.

Маалыматка караганда, 2022-жылы бейтапкана 13 млн сом киреше тапкан. 2023-жылы кирешеси 157 млн сом, былтыр 307 млн сом болгон.

2016-жылы июнь айында Түркиянын каражатына курула баштаган оорукана 2017-жылы аяктап, иштей баштамак. Бирок ар кандай себептер менен толук ачылбай, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу ишке берилип, 2021-жылы толук ачылган.

Ооруканага былтыр сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилген.

Медициналык борбордо анестезия, терапия, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология, радиология бөлүмдөрү жана ошондой эле “Тез жардам” кызматы жана поликлиникасы бар. (ZKo)

Дагы караңыз

Москвадагы жардыруудан Украинада согушкан батальондун негиздөөчүсү каза тапканы кабарланды"Яндекс" - Кремлге жакын адамдардын бизнеси". Мишустиндин дооматынын тамыры кайда?Кыргызстан картошканы экспорттоого чектөө киргизүүнү карап жататСоциалдык өнүктүрүү кызматы Махабат Тажибек кызынын уулу боюнча иштей баштаганы кабарландыБишкекте автобуста кызга ыдык көрсөткөн адам кармалдыТажикстан менен Ирандын ортосунда визасыз режим күчүнө кирди