Казакбаев Кыргызстандын Албания, Түндүк Македония жана Черногориядагы элчиси болду

Руслан Казакбаев.

Руслан Казакбаев.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Албания, Түндүк Македония жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Расмий маалыматка караганда, Казакбаев бул кызматты Түркиядагы жана Израилдеги кызматын Анкарада туруп айкалыштырып иштейт.

57 жаштагы Казакбаев 2023-жылы июнда Кыргызстандын Израилдеги элчиси, 2022-жылы ноябрда Түркиядагы элчи кызматына дайындалган.

2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрель айына чейин тышкы иштер министри кызматын аркалаган.(КЕ)

Дагы караңыз

Reuters: Сириянын жаңы бийлиги Орусиядан Асадды экстрадициялоону талап кылдыДүйшөмбүдө мурдагы аткаминерлер жана журналист "мамлекеттик төңкөрүшкө" айыпталууда Түштүк Суданда учак кырсыгынан 20дай киши каза болдуУкраина: Зеленский Орусияны тынчтыкка “мажбурлоого” чакырды