29-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин тынчтык келишимине кол коюуга даяр эместиги тууралуу айтканына жооп берди.
Зеленский өз сөзүндө "чыныгы тынчтыкка жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар", бирок Путин "киши өлтүрүүнү улантып же кайрадан толук масштабдуу чабуулун даярдоо үчүн тыныгуу алгысы келет" деп айткан. Зеленский дүйнө лидерлерин мурунку катачылыктарды эске алып, Орусияны тынчтыкка “мажбурлоого” чакырды.
Владимир Зеленский буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп орус-украин согушун башкаларга караганда тезирээк бүтүрө аларын айткан сөздөрүн кайталады.
Дүйшөмбүдө Путин Зеленский менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр эмес экенин айткан. Ал Зеленскийдин бийлиги “легитимсиз” деп кайталап, Украинанын легитимдүү бийлиги деп Жогорку Раданы гана эсептей турганын айтты.
"Сүйлөшүүлөрдү ким менен болсо да ишке ашырса болот. Бирок Зеленскийдин бийлиги “легитимсиз” болгондуктан, анын эч нерсеге кол коюуга укугу жок. Эгер ал сүйлөшүүлөргө катышкысы келсе, анда мен бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган адамдарды дайындайм", - деди Путин "Россия 1" телеканалына 28-январда берген маегинде.
Былтыр апрелде Евробиримдик Орусиядагы президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, анын жыйынтыгын тааныбоого чакырган.
Украин президенти Зеленскийдин бийликтеги мөөнөтү өткөн жылы май айында аяктаган. Киев согуш маалында Украинанын аймагында шайлоо өткөрүү мүмкүн болбогондуктан, Зеленскиц бийлик башында калат деген чечимин жарыялаган.
Орус тарап муну өзкызыкчылыгы үчүн маал-маалы менен пайдаланып турат.
22-январда АКШнын жаңы кызматка киришкен президенти Дональд Трамп Путинге кайрылып, "келишим түзүп", согушту токтотууга чакырган. Эгер Орусия андан баш тартса, жаңы санкциялар салынарын белгилеген.
24-январда Кремль Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Жолугушуунун шарттары кабарланган эмес.
Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш ачканына үч жылга чукулдады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, 2024-жылдын ноябрь айына карай Украинада 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, жараат алгандардын саны 27 миңге жеткен. Эл аралык уюм бул сан толук эмес экенин эске салган. (AiA)
Шерине