29-январдын аба ырайы: Айрым аймактарга кар түшөт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 29-январда түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-2, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндуз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…2° болот.

Дагы караңыз

Сот Елена Калашниковага 150 миң сом айып салганы белгилүү болдуАКШ качкындар программасы боюнча арыз кабыл алууну токтото турууну чечтиМурдагы элчи Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-орус славян университетине проректор болдуУлуттук банк эсептик ченди 9% бойдон калтырды