Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

Мурдагы элчи Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-орус славян университетине проректор болду


Гүлнара-Клара Самат. Архивдик сүрөт.
Гүлнара-Клара Самат. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы жана Армениядагы мурдагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-орус славян университетине (КРСУ) биринчи проректор болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Анын талапкерлигин окуу жайдын Окумуштуулар кеңеши жактырды. Кыргызстан тараптан сунушталган проректорду билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жамаатка тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров былтыр майдын аягында кол койгон жарлыкка ылайык Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы жана Армениядагы элчиси кызматынан бошотулган. Президенттин сайтындагы маалыматта бул анын башка ишке өткөндүгү менен түшүндүрүлгөн.

Гүлнара-Клара Самат элчилик кызматта 2021-жылдын февралынан бери иштеп келген. Ортодо элчинин ишине байланыштуу маселе бир нече жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште анын кызмат ордун кароо сунушу айтылган.

Элчинин ишине байланыштуу маселе мурдагы жылкы курултайда да көтөрүлгөн. Мындан кийин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү элчилерге, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган.

Гүлнара-Клара Самат, мурдагы ысымы Клара Кабилова 2007-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы болуп иштеген. Ал кызматта турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим кысым кылганын жарыялап, өлкөдөн чыгып кетип, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон. (ЕrN)

Шерине

XS
SM
MD
LG