Электр жарыгы: Инфляцияга байланган тариф

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Энергетика министрлиги май айынан тартып электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. Карапайым тургундар баа көтөрүлгөнүнө жараша электр жарыгы жеткиликтүү болушун белгилеп, азыркы таптагы өчүрүүлөргө нааразы.