Акылбек Жапаровдун иниси Рахатбек Жапаров ЖАКтын төрага орун басарлыгынан кетти

Рахатбек Жапаров.

Рахатбек Жапаров.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров өз каалоосу менен жазган арызына байланыштуу 14-январда кызматтан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЖАКтын басма сөз кызматы кабарлады.

Рахатбек Жапаров Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси.

54 жаштагы Рахатбек Жапаров Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун “Автомобиль жолдорун куруу” адистиги, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1995-жылы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматында инспектор болуп баштаган.

2019-2020-жылдары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын башчысы, 2020-жылдан бери ЖАКтын төрагасынын орун басары болуп иштеп келаткан. (BTo)

Дагы караңыз

Таш-Көмүрдө 47 жаштагы жаран бир айдан бери табылбай жататДепутат Сурабалдиева аялдарга карата зомбулук токтобой жатканын белгиледиУкраинада ракета чабуулунан электр энергиясы өчүрүлүүдөТаласта жол кырсыгынан эки адам мүрт кетип, беш адам жабыркадыВице-спикер менен депутат Алиев Жогорку Кеңеште кайым айтыштыМилиция Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы бычакталганын билдирдиВице-спикер бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгарууну сунуштадыБишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алып, Усубалиевдикин коюу сунушталдыАКШ менен Армения стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюштуДепутат Арка айылындагы үйдө болгон жарылууну териштирүү керектигин айттыБУУнун атайын баяндамачысы Абдирасулованы каралоо күчөгөнүн айтты