Вице-спикер менен депутат Алиев Жогорку Кеңеште кайым айтышты

Нурбек Сыдыгалиев жана Медербек Алиев. Коллаж.

Нурбек Сыдыгалиев жана Медербек Алиев. Коллаж.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев менен депутат Медербек Алиев 15-январда парламенттин күн тартибине байланыштуу кайым айтыша кетти.

Медербек Алиев жыйында ар кандай маселелерди айтууга убакытты узартып алып, андан кийин карала турган бир мыйзам долбоорун кароо тууралуу сунуш берди. Ал эки жолу добушка коюлуп, экинчи жолкусунда гана өттү.

Алиев Жогорку Кеңеште жыйындарда күн тартибиндеги “ар кандай маселелер” деген пунктту алып коюу адатка айланганын айтып, депутаттарга сөз бербей койду деп Нурбек Сыдыгалиевди сынга алды.

“Сиз 90 депутат менен эле бирдейсиз. Процедуралык сөз сурасам бербей койдуңуз. Бул (ред: Жогорку Кеңеш) сиздин жеке фирма эмес же атаңыздан калган кызмат эмес. Мындан ары мыйзамга таянып иштейли”, - деди ал.

Нурбек Сыдыгалиев жооп берип, Медербек Алиев бир маселе үчүн микрофонго кайра-кайра чыкканын сынга алды.

“Кайра-кайра жазылып сүйлөй бериңиз. Сизди эч ким кармаган жок. Ортоңку микрофонго болсо процедуралык маселе боюнча гана сүйлөйт. Мен бир да депутатты чектеген жокмун. Убактысы келгенде сүйлөп жатат”, - деди Нурбек Сыдыгалиев.

2021-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система - саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан - мажоритардык система менен шайланып келген.

Парламентте буга чейин да күн тартибине байланыштуу чыр-чатактар чыгып келген. (BTo)

Дагы караңыз

Вице-спикер бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгарууну сунуштадыТаласта жол кырсыгынан эки адам мүрт кетип, беш адам жабыркадыМилиция Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы бычакталганын билдирдиБишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алып, Усубалиевдикин коюу сунушталдыАКШ менен Армения стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюштуДепутат Арка айылындагы үйдө болгон жарылууну териштирүү керектигин айттыБУУнун атайын баяндамачысы Абдирасулованы каралоо күчөгөнүн айттыБишкекти каптаган ыш маселеси парламентте кийинки аптада талкууланат