Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. бычак жеп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы 15-январда кабарлады. Маалыматта окуя тууралуу 12-январь саат 15:50 чамасында кабар түшүп, аны 71 жаштагы аял сол көкүрөгүнө бычак менен сайып жибергени белгиленген.
"Териштирүү учурунда 1974-жылы туулган А.А. аттуу жаран Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы экендиги жана ал жол боюнда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда 71 жаштагы Х.Ю. аттуу аял киши ашкана бычагы менен аны көкүрөгүнүн сол тарабына сайып алгандыгы аныкталды. Ю.Х. аттуу аял 1999-жылдан бери психологиялык жактан жабыркап, каттоодо тургандыгы маалым болгон", - деп жазылган маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери ("Кылмыш жасоого аракеттенүү", "Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Учурда шектүү 48 саатка камалып, тергөө жүрүп жатканы белгиленди. Ушул тапта Ала-Бука айыл өкмөтүн Абдибаит Азимов жетектейт. (КЕ/ТВ)
Дагы караңыз
Вице-спикер бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгарууну сунуштадыБишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алып, Усубалиевдикин коюу сунушталдыАКШ менен Армения стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюштуДепутат Арка айылындагы үйдө болгон жарылууну териштирүү керектигин айтты