Трамп Путин менен жолугушууга даярдык жүрүп жатканын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин Гамбургда "Чоң жыйырманын" саммитинде жолуккан. 7-июль, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушууга даярдык жүрүп жатканын билдирди. Ал жолугушуу качан болорун тактаган жок.

"Ал жолуккусу келип жатыптыр. Биз даярдык көрүүдөбүз", - деди шайланган президент. Ал ошондой эле Путин өз каалоосун ачык айтканын кошумчалады.

"Биз бул согушка чекит коюшубуз керек", - деди Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында республикачыл губернаторлор менен кездешүү алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кремль азырынча Трамптын билдирүүсүнө комментарий бере элек. 8-январда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Трамптын байланышка чыгуу ниетин кубаттай турганын, бирок азырынча эч кандай сунуш түшө электигин айткан.

Песков Трамптын расмий кызматка киришүүсүн күтө туруу керектигин кошумчалаган.

Трамп былтыр шайлоо өнөктүгү маалында кызматка киришкенден кийинки 24 саатта Украинадагы согушка чекит коёрун билдирген. Эми ал жакынкы алты ай ичинде аскердик аракеттерди токтото аларына үмүттөнүп жатканын айтууда.

“Бул алты айдан эртерээк деле болот деген үмүттөмүн”, - деди Трамп 7-январдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамптын "күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн болбогон мүнөзү" Орусия менен согушка чекит коюуга жардам бериши ыктымал экенин билдирген.

"Трамптын мүнөзү абдан күчтүү, ал күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн эмес чечимдерге бара алат. Мен анын дал ушундай мүнөзүн Орусияга карата колдонушун абдан каалайт элем", - деген украин президенти 2-январда.

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президентинин Украина жана Орусия боюнча чабарманы болуп дайындала турган атайын өкүлү Кит Келлог Дональд Трамп согушту токтотуу маселесинде Киевдин кызыкчылыгын эске алып, адилеттүү чечим кабыл алынышын көздөй турганын жана куралдуу жаңжалга 100 күндүн ичинде чекит коюларын айткан.

Дагы караңыз

Мамлекеттик ипотеканын акчасын үч ай төлөбөгөндөрдүн батири алынат Беш жылга кесилген журналист Ишенбеков №8 абакка которулдуЖапония Кыргызстанда жайгашкан компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды