9-январда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады.
Анын жыйынтыгында 55 кг салмак ченинде Улан Муратбек уулу, 63 кг Дөөлөтбек Чойбеков, 72 кг Ырыскелди Хамзаев, 82 кг Бекзат Орункул уулу, 97 кг Мелис Айтбеков, 60 кг Акыл Сулайманов, 67 кг Раззак Бейшекеев, 77 кг Ырыскелди Максатбек уулу, 87 кг Асан Жанышов, 130 кг Мурат Раманов 1-орун алды.
10-11-январь күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп, спортчулар 10 салмакта килемге чыгышат. Мелдешке Кыргызстандын булуң-бурчунан келген балбандар катышат.
Кыргызстандын чемпионатын уткан балбандар өлкөнүн атынан дүйнөлүк жана эл аралык мелдештерге катышат. (BTo)
Дагы караңыз
ИИМ: Министрдин орун басарынын айдоочусу жана тергөөчү УКМКда сурак берип чыкты“Азербайжан аба жолдору” Бакудан Казанга каттамдарды токтотот Украин парламенти черкестердин геноцидин тааныдыРайондук сот Султанбековду жана анын эки партиялашын 13-февралга чейин камакта калтырдыКытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды Тажик прокуратурасы "мамлекеттик төңкөрүш жасоого" шектелгендерди узак мөөнөткө абакка кесүүнү сурады