Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы министр Улан Ниязбековдун орун басарынын айдоочусу жана ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) күбө катары сурак берип чыкканын билдирди. Бирок министрдин кайсы орун басарынын айдоочусу экенин тактаган жок.
Бул тууралуу мекеме “атайын кызмат министрдин орун басарынын айдоочусу менен Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүн кармаганы” тууралуу маалыматка берген комментарийинде билдирди.
9-январда kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айдоочусу жана тергөөчү опузалап пара алууга шек саналып кармалганын жазган.
ИИМ бул маалымат чындыкка дал келбесин, айдоочу менен тергөөчү УКМКда күбө катары эле суралып чыкканын билдирип, материалды жарыялоодо ишенимдүү булактарга жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматынын расмий билдирүүлөрүнө гана таянууга чакырды.
Акыркы окуя тууралуу Эркебек Аширходжаев комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
“Азербайжан аба жолдору” Бакудан Казанга каттамдарды токтотот Украин парламенти черкестердин геноцидин тааныдыРайондук сот Султанбековду жана анын эки партиялашын 13-февралга чейин камакта калтырдыЛиванда 12 жолку аракеттен кийин жаңы президент шайландыКытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды Тажик прокуратурасы "мамлекеттик төңкөрүш жасоого" шектелгендерди узак мөөнөткө абакка кесүүнү сурады Өзбекстанда экстремисттик деген онлайн материалдардын тизмеси кеңейди