Тажик прокуратурасы "мамлекеттик төңкөрүш жасоого" шектелгендерди узак мөөнөткө абакка кесүүнү сурады

Мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталып жаткандар.

Тажикстан прокуратурасы 8-январда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген деп айыпталган бир нече белгилүү ишмерди узак мөөнөткө абакка кесүүнү сурады. Бул тууралуу өз булактарына шилтеме менен «Озоди» радиосу кабарлады.

«Жашыруун» деген гриф берилген иш боюнча сот жабык өтүп жатат. Бийликтен же адвокаттардан комментарий алуу мүмкүн эмес.

Булактардын ырастоосунда, прокурор тажик парламентинин мурдагы депутаты, Демократиялык партиянын экс-төрагасы Саиджафар Усмонзоданы, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Хамронхон Зарифини ар бирин 30 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Соттолуучулардын арасында Тажикстандын Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров (23 жыл суралды), Социал-демократтар партиясынын лидеринин биринчи орун басары Шокиржон Хакимов (24 жыл суралды), ТИМдин мурдагы бөлүм башчысы, Улуттук коопсуздук комитетинин отставкадагы эки полковниги бар.

Прокурордун өтүнүчүнө алар кандай реакция кылганы белгисиз. Декабрда соттордун биринде алар күнөөсүн четке кагып, тергөөчүлөрдүн кысымына туш болгонун айтышканы кабарланган.

«Мамлекеттик төңкөрүш» тууралуу иш боюнча сот жараяны былтыркы 14-ноябрдан бери уланууда. Фигуранттар жайдан тартып кармала баштаган.

Дагы караңыз

АКШ Украинага 500 млн доллардай аскердик жардам беретКаныша Аравело уламышы сомали элин эгемендикке жана ынтымакка үндөгөн“Кумтөрдүн” жетекчилиги алмашты. Алтын кендеги абал кандай?