АКШ Украинага 500 млн доллардай аскердик жардам берет

Владимир Зеленский жана Ллойд Остин. Германия. 9-январь, 2025-жыл.

АКШ Украинага 500 миллион долларга жакын аскердик жардам берилерин жарыялады. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин бейшембиде Германиянын “Рамштайн” базасында өткөн Киевдин өнөктөштөрүнүн жыйынында билдирди.

Министр жаңы топтомго “Украинанын абадан коргонуу системасы үчүн ракеталар, көбүрөөк ок-дары, аба-жер системасынын ракеталары жана украиналык F-16 учактарын колдоо үчүн башка жабдыктар кирерин” айтты.

“Украинанын эркин жана коопсуз жашоосу, адилеттүүлүктү орнотуу үчүн жигердүү аракет көрөбүз. Биздин биргелешкен аракетибиз уланууга тийиш”, - деп билдирди Остин.

Бул АКШда шайланган президент Дональд Трамптын бийликке келер алдында өткөрүлгөн Рамштайн форматындагы акыркы жыйын болду.

Ага украин президенти Владимир Зеленский да катышты.

Украинаны коргоо боюнча контакт тобу 2022-жылы АКШнын колдоосу менен Киевге берилген аскердик жардамды координациялоо үчүн түзүлгөн. Ага 50дөн ашуун мамлекет кирет, басымдуусу НАТОнун мүчөлөрү.

Трамп согушту токтотууга убада кылганы менен, Киевге берилген жардамдын көлөмүн сындап келатат. Урушту тынчытуу планынын чоо-жайын да жарыялай элек.

Дагы караңыз

“Кумтөрдүн” жетекчилиги алмашты. Алтын кендеги абал кандай?“Азербайжан аба жолдору” Бакудан Казанга каттамдарды токтотот Өзбекстанда экстремисттик деген онлайн материалдардын тизмеси кеңейди