Тажикстанда Швециядан депортацияланган оппозициялык блогер кармалды

Фарход Негматов

Тажикстандын бийлиги оппозициялык блогер Фарход Негматовду кармаганын “Озоди” радиосу кабарлады. Швецияда саясий башпаанек өтүнүчү четке кагылгандан кийин мекенине депортацияланган Негматовду 27-декабрда Тажикстанга учуп келери менен кармашкан.

Маалыматка караганда, аны менен кошо келген кыздары өлкөнүн түндүгүндөгү айылда жашаган туугандарына берилди.

Блогерди ким кармаганы жана ага тагылган айып тууралуу так маалымат жок.

Журналисттердин булактары бийлик Негматовду тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө болгону үчүн күнөөлөп жатканын кабарлашты. Жакындары болсо блогер өкмөттү сындаганы жана ислам халифаты тууралуу башкалардын видеолорун чыгарганы үчүн куугунтукталууда деп санашат.

Негматовдун үй-бүлөсү 2019-жылы Украинага көчүп кеткен. Бирок Орусия басып киргенден кийин Швецияга жер которгон. Ал жакта бир нече жолу саясий башкалка алуу аракетинен майнап чыккан эмес. Депортациянын себеби тууралуу кабарланган жок.

Дагы караңыз

"Ашказанынан, боорунан кыйналып жатат". Абакта ачкачылык кармаган Султанбековдун абалыӨзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясы Орусияга каттамдарын азайтатБылтыр Орусиядан 80 миңден ашуун мигрант чыгарылды