Аба ырайы: 9-январда айрым аймактарда кар жаайт

Синоптиктер маалымдагандай, 9-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз жалпы өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -8…-13

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10

Бишкекте жаан-чачын жаабайт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°, күндүз 0…2° болот.

Дагы караңыз

Кара-Сууда 32 гектар жер тилкеси мамлекетке алындыБишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылдыБишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталдыЖугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар көп, бейтаптар коридорго да жайгаштырылууда