Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды


Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.
Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

8-январда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Биринчи күнү грек-рим күрөшүнөн 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмак чениндеги балбандар күч сынашат. 9-январда күрөштүн ушул эле түрүнөн 60, 67, 77, 87 жана 130 килограмм салмактагы балбандар күрөшөт.

Ал эми 10-11-январь күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, спортчулар 10 салмакта килемге чыгышат. Мелдешке Кыргызстандын булуң-бурчунан келген балбандар катышат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG