8-январда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.
Биринчи күнү грек-рим күрөшүнөн 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмак чениндеги балбандар күч сынашат. 9-январда күрөштүн ушул эле түрүнөн 60, 67, 77, 87 жана 130 килограмм салмактагы балбандар күрөшөт.
Ал эми 10-11-январь күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, спортчулар 10 салмакта килемге чыгышат. Мелдешке Кыргызстандын булуң-бурчунан келген балбандар катышат. (BTo)
Дагы караңыз
Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар көп, бейтаптар коридорго да жайгаштырылуудаАктаудагы учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандыктын экөө ооруканадан чыктыЖогорку Кеңештин экс-депутаты Мамат Орозбаев каза болдуБеларус бийлиги Лукашенко Зеленскийден кечирим сураганын четке кактыСауд Арабиянын бир катар калааларын нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптады Санкт-Петербургдан Самаркандга бараткан учак Внуково аэропортуна конууга аргасыз болду