Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Санкт-Петербургдан Самаркандга бараткан учак Внуково аэропортуна конууга аргасыз болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Utair авиакомпаниясынын Boeing-737 жүргүнчү учагы Москвадагы Внуково аэропортуна конууга аргасыз болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине шилтеме менен Рейтер кабарлады.

Лайнер Санкт-Петербургдан Самарканд шаарына баратканы маалым болду.

«Учак стабилизатордогу мандемден улам Внукового чукул конууга мажбур болду», - деп айтты РИА Новости агенттигинин булагы.

Flightradar сервисинин картасынан Boeing-737 асманга көтөрүлгөндөн кийин Ленинград облусунун үстүнөн эки, Москва облусун 10 жолу айланганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда бортто 173 жүргүнчү бараткан.

Utair жана Внуково "Рейтердин" комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек.

РИА Новости жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү жабыркабаганын билдирди.

Украинага басып кирип, согушуп жаткан Орусияда ушу тапта жүргүнчү учактар тартыш.

Батыштын санкцияларынан улам учактар менен тетиктер өлкөгө экспорттолбойт, ички өндүрүш суроо-талапты жабууга кудуретсиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG