Чикагодо Кыргызстандын жараны киши колдуу болду

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жайгашкан имарат.

7-январга караган түнү АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын жараны киши колдуу болду. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ырастап, бул факты боюнча АКШнын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.

ТИМ Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жергиликтүү бийлик органдары жана маркумдун жакындары менен байланышта экенин кошумчалады.

Kaktus.media порталы белгисиз адамдар 33 жаштагы кыргыз жаранын өлтүрүп, автоунаасын уурдап кетишкенин жазды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын июнь айындагы маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда болжол менен 26 миңдей кыргызстандык иштеп, жашап жатат. Чикагодогу “Кыргыз биримдиги” клубунун маалыматына ылайык, бул шаарда жашаган кыргызстандыктардын саны болжол менен 7-8 миңди түзөт. (BTo)

Дагы караңыз

Мексикада дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны табылдыЗилалиев эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыкканы белгилүү болдуДүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдүТибетте жер титирөөдөн кеминде 50дөн ашык адам набыт болдуКанаданын премьер-министри Жастин Трюдо кызматтан кетерин айттыБузурман Субанов “Кумтөрдүн” жетекчиси болуп дайындалды