Мексикада дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны Жаныбек Жакыпов табылды. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасына жазып, анын аудио билдирүүсүн жарыялады.
Анда Жаныбек Жакыпов Мексикада эс-учун жоготуп, аны жергиликтүүлөр менчик клиникага алып барышканын, жакынкы күндөрү мекенине кетерин айтканын угууга болот.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын, Орусиянын, Казакстандын Мексикадагы элчиликтери аркылуу кыргыз жаранын издеп жаткан. Ал табылганын ТИМ да ырастады.
Жаныбек Жакыпов 29-декабрда АКШдан Мексиканын Канкун шаарына барып, андан ары Бишкекке учуп келмек. Бирок дайыны билинбей жаткан.
Ассоль Молдокматова ал 12 жылдан бери АКШда жашап, бардык документтери жайында болгонун айтып, коомчулукту издөө иштерине жардам берүүгө чакырган. 7-январда Жакыповдун апасы 57 жашында кайтыш болуп калганын жазды. (BTo)
Дагы караңыз
Тибетте жер титирөөдөн кеминде 50дөн ашык адам набыт болдуКанаданын премьер-министри Жастин Трюдо кызматтан кетерин айттыБузурман Субанов “Кумтөрдүн” жетекчиси болуп дайындалдыМилиция Баткенде “жолдошу бычактаган” деп айтылып жаткан келин боюнча маалымат бердиЗилалиев эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыкканы белгилүү болду"Каддафиден пара алган" деп айыпталган экс-президент Саркозинин соту башталды