7-январда Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу аймагында болгон катуу жер титирөөдөн кеминде 50дөн ашык адам набыт болду. “Би-Би-Си” радиосунун орус кызматы Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттары жердин силкинүүсүнөн бир топ имараттар урап түшкөнүн жазганын билдирди.
“Синьхуа” маалымат агенттиги жер титирөөнүн күчү очогунда 6,8 баллга жеткенин кабарлаган.
АКШнын Геологиялык кызматы Тибет автономдуу районунун Шигадзе шаарынан 177 чакырым түштүк-батышта болгон жер титирөө очогунда 7,1 баллга жеткенин кабарлады. Жер титирөө Непалдын борбору Катмандуда да сезилген.
“Тингри округу жана анын айланасында катуу жер титирөө болуп, көптөгөн имараттар урап түшкөн”, - деп билдирди Кытайдын CCTV мамлекеттик телеканалы.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр менен видеолордон урап калган үйлөрдү көрүүгө болот. Бийик тоолуу Тингри округунда 62 миңге жакын адам жашайт. Региондо жер титирөө тез-тез болуп турат.
Кытайдын сейсмологиялык борбору бул жолку жер титирөөнү акыркы беш жылдагы эң күчтүү зилзала деп баалады. (BTo)
Дагы караңыз
Бузурман Субанов “Кумтөрдүн” жетекчиси болуп дайындалдыМилиция Баткенде “жолдошу бычактаган” деп айтылып жаткан келин боюнча маалымат бердиКанаданын премьер-министри Жастин Трюдо кызматтан кетерин айттыЗилалиев эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыкканы белгилүү болду"Каддафиден пара алган" деп айыпталган экс-президент Саркозинин соту башталдыКазакстан менен Өзбекстан ортосунда жаңы темир жол курулуп жатат