Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы, мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев Кыргызстанга келди” деген маалыматты төгүндөп, ал жалган кабар экенин билдирди.
Мунун алдында социалдык түйүндөрдө “Бакиевдер Кыргызстанга келди” деген пост жарыяланган. Ага Жаныш Бакиевге окшош киши менен дагы бир адамдын түшкөн сүрөттөрү кошо тиркелген.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.
Бакиев жана анын үй-бүлөсү Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын аларды экстрадициялоо өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.
2024-жылдын декабрында Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, мурдагы президентти сыртынан соттоо үчүн колдонулган беренелерди “Баш мыйзамга каршы келет” деп таанууну өтүнгөн. Адвокат эгер сот анын арызын канааттандырса, анда мурдагы мамлекет башчынын соттук ишин кайра кароого жол ачылышы мүмкүн экенин билдирген.
Бул жагдай 2010-жылы “Апрель окуясында” жакындарын жоготкондордун жана анда жабыркагандардын нааразылыгын жараткан. (ErN)
Дагы караңыз
Өзбекстанда газ тартыштыгын айткан соң 15 суткага камалган Гайрат Дустов бошотулдуРеспубликалык жугуштуу оорулар ооруканасында кайрылгандар көбөйүп, кезек узардыТуманга байланыштуу “Ош” аэропортунда учуп-конуу убактылуу токтодуМолдова өкмөтүнө каршы басымды күчөткөн газ маселеси