Коюу туманга байланыштуу “Ош” эл аралык аэропортунда эл аралык жана жергиликтүү каттамдар кармалып турат. Бул тууралуу 4-январда “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бир нече авиакаттам – Ош - Красноярск (FV6794), Ош - Санкт-Петербург (U62734), Ош - Москва (YK748) жана Ош - Екатеринбург (U62589) Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропортуна жөнөтүлдү.
Мекеме жүргүнчүлөргө күтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп берилгенин маалымдады.
Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар катталып турат. (ErN)
Дагы караңыз
Молдова өкмөтүнө каршы басымды күчөткөн газ маселесиИИМ Жаныш Бакиев Кыргызстанга келгени тууралуу кабарды төгүндөдүӨзбекстанда газ тартыштыгын айткан соң 15 суткага камалган Гайрат Дустов бошотулдуАбхазиядан, Армениядан ташылган автоунаа мыйзамдашабы?