Киев облусунда аба чабуулдан бир киши набыт болду, бир нечеси жараат алды

Украинанын баш калаасы Киев дрон чабуулдарына дуушар болуп жаткан учур. 19-декабрь, 2024-жыл.

3-январга караган түнү Орусиянын армиясы Киев облусуна дрондор менен чабуул койду. Бир кишинин өмүрү кыйылып, төрт адам жараат алды. Бул тууралуу облус администрациясы билдирди.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жүк ташуучу автоунаанын 1999-жылы туулган айдоочусу набыт болгонун тактады.

Белоцерковск районунда төрт менчик үй, дагы бир чарбалык курулуш талкаланганы кабарланды. Үйлөрдүн биринде өрт тутанып, үч киши жабыркаган. Ал эми дагы бир аялга атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары тийген.

Жалпысынан соңку бир түн ичинде орус күчтөрү Украинага жүзгө жакын дрон менен чабуул койгон. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди. Алардын 60ка чукулу атып түшүрүлгөн.

Сумы облусунда соккулар карапайым тургундар жашаган райондорго багытталган.

Орусия көптөгөн далилдерге карабастан жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага аларын айтып келет.

Дагы караңыз

Түштүк Кореяда кызматтан четтетилген президентти камакка алуу аракети ишке ашпады Улуттук банк 2024-жылы 675 млн доллар сатып, 370 млн доллар сатып алдыПриднестровьеде газ жоктугунан ишканалардын иши дээрлик токтоду