Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районуна караштуу Садыр-Аке айыл аймагында селден жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды.
Жараксыз абалга келген 29 турак жайдын ичинен беш үй курулуп бүттү, үч киши башка жерлерден там сатып алса, дагы 21 үй салынып жатат.
Расмий маалымат боюнча, президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 миллион 900 миң сом бөлүнүп, жабыркагандарга топтогон документтеринин негизинде каражат берилген.
Ага ылайык, 32 адамга 1 миллион сомдон, 41 кишиге 500 миң сомдон, 234 тургунга 100 миң сомдон берилди.
18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген селден Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарында жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүндөгү 500гө жакын турак үйдү суу каптап, айрымдары жараксыз абалга келген.
Мындан тышкары “Аврора”, “Аврора плюс”, “Карвен”, “Нептун”, “Семиран” пансионаттарынын короосуна суу кирген. Селден Темир айылы эң көп жабыр тарткан. (BTo)
Дагы караңыз
“Маарифтин” директору Кыргызстанда билим берүүгө инвестиция саларын айттыАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайтПрезидент мектепте акча чогулткандарга айып салган мыйзамга кол койдуСот Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга уруксат берди“Сапаттын” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттүКыргызстанда мамлекеттик “Кылым банкы” түзүлөтПрезидент репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койдуПутин Орусияда чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөткөн жарлыкка кол койду