Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Ala-Archa.
Ala-Archa.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-январда Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Баткен аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 3…5° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG