Тегеран италиялык журналист Чечилия Саланын камалганын ырастады

Италиялык журналист Чечилия Сала

Тегеран италиялык журналист Чечилия Сала Ирандын "мыйзамдарын бузганы үчүн айыпталып" камалганын билдирди. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Билдирүүгө караганда Чечилия Сала Иранга 13-декабрда журналисттик виза менен келип, алты күндөн кийин камалган.

Өткөн апта соңунда Италиянын Тышкы иштер министрлиги Cаланы Тегерандын полициясы 19-декабрда кармаганын билдирген.

Ал Италиядагы Il Foglio басылмасынын кабарчысы. Гезиттин жетекчилиги билдиргендей, учурда Сала Ирандын баш калаасындагы Эвин түрмөсүндө кармалып турат.

Басылманын жазганына караганда, Сала Иранга "өзү билген жана жакшы көргөн өлкөдөгү кырдаалды чагылдыруу үчүн" кадимки виза менен эле барган.

Ал 17-декабрда Ирандагы патриархат тууралуу подкаст жарыялаган.

Эл аралык коомчулук Иран бийлигин кош жарандыгы бар же Батыш жарандарын өз пайдасы үчүн жалган айыптар менен камаганы үчүн сындап келет.

Ушул айдын башында эле Ирандын жана Американын жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы Реза Вализаде Тегеранда он жылга кесилген. Ага "душман мамлекет менен кызматташкан" деген айып тагылган.

Вализаде "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна караштуу "Фарда" радиосунда он жыл иштегенден кийин 2022-жылы жумуштан кеткен. Ал Иранга 2024-жылдын башында үй-бүлөсүнө барып, сентябрда камакка алынган.

Иран сөз эркиндигине кысым көрсөтүү боюнча "Чек арасыз кабарчылар" уюму түзгөн тизмеде 180 мамлекеттин ичинен 176-орунду ээлейт.

Дагы караңыз

АКШ Украинага 5,9 млрд доллар аскердик жардам көрсөтөт Москвада Армениянын мурдагы коргоо министри кармалдыЭТТК боюнча жеңилдиктер жакын арада иштелип чыгары айтылды