Актаудагы учак кырсыгында жабыркаган үч кыргызстандык Бишкекке алынып келди

Казакстанда учак кырсыгында жаракат алган Тилек Осмонов менен Эрлан Жунусалиев. Бишкек. 30-декабрь, 2024-жыл.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта аман калган Кыргызстандын үч жараны - Ринат Асанов, Тилек Осмонов жана Эрлан Жунусалиев 30-декабрда атайын борт менен Бишкекке алынып келди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) алар аэропорттон “Тез жардам” менен Улуттук госпиталга жеткирилгенин кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлиги Тилек Осмонов менен Эрлан Жунусалиевдин абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылганын, Ринат Асановдун абалы туруктуу жана оор экенин билдирди.

Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман алган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 29-декабрда “Азербайжан аба жолдору” компаниясына караштуу Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирип “Орусиянын расмий структуралары кайдагы бир газ баллондун жарылышы тууралуу версияларды айтып жатканы бизди капа кылып, бир чети таң калтырды”,- деди.

Андан тышкары Илхам Алиев 27-декабрда Азербайжан Орусия тарапка авиакырсыкка байланыштуу үч талабын жеткиргенин айтты. Алар: кечирим суроо, күнөөнү моюнга алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо жана жабыркагандарга кенемте төлөп берүү.

28-декабрда Илхам Алиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Баарлашуу Кремлдин демилгеси менен уюштурулган. Путин Алиевден “кайгылуу окуя Орусиянын аба майданында болгону үчүн” кечирим сурап, каза болгондордун жакындарына көңүл айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Президент ипотекага батир алгандарды каражатты убагында төлөп турууга чакырдыСот адвокат Самат Матцаковду 28-февралга чейин камакта калтырдыАзербайжандын президенти учак Орусиянын аймагында аткыланганын билдирди ТИМ: Учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга кенемте төлөнөтУкук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткенин ырастады