Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

ТИМ: Учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга кенемте төлөнөт


Актауда кулаган учак. Казакстан. 25-декабрь, 2024-жыл.
Актауда кулаган учак. Казакстан. 25-декабрь, 2024-жыл.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта аман калган кыргызстандык үч жаранга кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 29-декабрда маалымдады.

Ага ылайык, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кенемте төлөө маселесинин үстүндө иштеди, жакынкы арада анын суммасы анык болот жана жабыркагандарга берилет. Министрлик сөз болуп жаткан кенемте ким тарабынан төлөнүп берилерин ачыктаган жок.

Элчилик ошондой эле кыйраган учак таандык болгон "Азербайжан аба жолдору" компаниясынын өкүлдөрү менен да байланышып, компания тарабынан камсыздандыруучу кенемтени төлөө маселесин талкуулап жактаны кабарланды.

ТИМ президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, авиа кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү аракеттери көрүлүп жатканын да билдирди.
Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү элчиликтин уюштуруусу менен Кыргызстандын тиешелүү кызмат өкүлдөрү жабыркаган мекендештер менен жолугушту. Абалы жакшыра баштаган Ринат Асановду атайын жабдылган учак менен алып кетүү маселеси Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүлүп жатат.

Ал эми дагы эки жаран 30-декабрь күнү жакындары менен чогуу Кыргызстанга жиберилет.

Баку-Грозный каттамындагы Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган.

Борттогу 67 кишинин 38и каза болду, калгандары, арасында кыргызстандык үч жаран жараат алган. Бирөөнүн абалы оор экени кабарланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG