Грузияда демонстранттар менен полиция кагылышты

Полиция парламент алдында кармалган демонстранттарды көтөрүп баратат. 29-декабрь, 2024-жыл.

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде жаңы президент Михаил Кавелашвили парламентте ант берип жатканда, имараттын тышында демонстранттар менен полиция кагылышты. Полиция алты адамды күч менен кармап кетти.

Бир нече сааттан кийин Ички иштер министрлиги кармалган алты адам эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганын билдирди.

Демонстранттар Кавелашвилинин президент болушуна каршы чыгышкан. Аны өлкөнүн бешинчи мамлекет башчысы Саломе Зурабишвили, оппозиция дагы тааныган жок.

Ыйгарым укуктары 29-декабрда бүткөн Зурабишвили кызматтан кетүүдөн баш тартып, Грузиянын "жалгыз мыйзамдуу президенти" экенин билдирди.

"Грузин кыялы" партияcы октябрдагы шайлоодо жеңгенден бери эле Грузияда саясий кризис курчуп келет. Ал шайлоо добуштарды сатып алуу, бурмалоо, коркутуп-үркүтүү жана зордук-зомбулук фактылары менен коштолгон.

Өткөн айда өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жылдыра туруу чечими жарыялагандан кийин толкундоолор ого бетер күчөдү.

53 жаштагы Михаил Кавелашвилини "Грузия кыялы" партиясынын өкүлдөрү басымдуу болгон парламентттеги шайлоочулар коллегиясы тандаган.

Михаил Кавелашвили буга чейин таанымал футболчу эле. Ал спорттук карьерасын 1980-жылдары баштаган. "Владикавказ-Алания" жана "Манчестер-Сити" командаларында ойногон. 1995-жылы Кавелашвили "Спартак-Аланиянын" курамында Орусияда чемпиондукту жеңген.

2016-жылы "Грузин кыялы" партиясынан парламентке шайланып, үч чакырылышта депутат болгон.

Дагы караңыз

Азербайжандын президенти учак Орусиянын аймагында аткыланганын билдирди Адвокат Самат Матцаковдун соту улануудаУчак кырсыгында жабыркаган Ринат Асанов Кыргызстанга алып келинет