Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Учак кырсыгында жабыркаган Ринат Асанов Кыргызстанга алып келинет


Актауда кулаган учак. Казакстан. 25-декабрь, 2024-жыл.
Актауда кулаган учак. Казакстан. 25-декабрь, 2024-жыл.

29-декабрь күнү кечке жуук медициналык бригада тиешелүү жабдыктары менен Казакстандын Актау шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматкери Жылдыз Айгерчинова Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Ага ылайык, дарыгерлер авиа кырсыкта жабыркаган, абалы оор деп сыпатталып жаткан Ринат Асановду Кыргызстанга алып келишет. Бейтапты мекенине жеткирүү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 29-декабрда Казакстандын авиа кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Мекеменин маалыматында Казакстандагы элчиликтин кызматкерлери абалы жакшыра баштаган Ринат Асановду атайын жабдылган учак менен мекенине алып кетүү маселесин Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүп жатканы, жабыркаган дагы эки жаран 30-декабрь күнү жакындары менен чогуу Кыргызстанга жиберилери кабарланган.

Баку-Грозный каттамындагы Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган.

Борттогу 67 кишинин 38и каза болду, аман калгандардын арасында кыргызстандык үч жаран жараат алган. Бирөөнүн абалы оор экени кабарланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG