Азербайжандын президенти учак Орусиянын аймагында аткыланганын билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 25-декабрда Казакстанда кулап түшкөн "Азербайжан аба жолдору” компаниясына караштуу Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирди. Бул тууралуу ал AzTV мамлекеттик телеканалына курган маегинде айтты.

Ал кошумчалагандай, учак Грозный шаарына жакын жерден тыштан соккуга дуушар болуп, дээрлик башкарууну жоготуп койгон.

"Биздин учак радиоэлектрондук күрөшкө багытталган каражаттар менен иштен чыгарылганын билебиз", -деген Алиев.

Азербайжандын президенти учактын кулашынын себебинин соңку версиясы "кара жащиктер" чечмеленгенден кийин анык болорун белгиледи. Анын сөзүнө караганда, учактын арткы бөлүгүнүн тешилип калышы "куштарга урунган" деген версияны жокко чыгарды.

Алиев учак атайылап аткыланбаганына ишенерин билдирди.

"Орусиянын расмий структуралары кайдагы бир газ баллондун жарылышы тууралуу версияларды айтып жатканы бизди капа кылып, бир чети таң калтырды",- деди президент.

Андан тышкары Илхам Алиевдин сөзүнө караганда, 27-декабрда Азербайжан Орусия тарапка авиакырсыкка байланыштуу үч талабын жеткирген. Алар: кечирим суроо, күнөөнү моюнга алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо жана жабыркагандарга кенемте төлөп берүү.

Азербайжан президентинин айтымында, бул талаптардын бири ишембиде аткарылды. 28-декабрда Алиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Баарлашуу Кремлдин демилгеси менен уюштурулган. Путин Алиевден "кайгылуу окуя Орусиянын аба майданында болгону үчүн" кечирим сурап, каза болгонлордун жакындарына көңүл айткан.

Кремль тараткан билдирүүгө караганда, Путин учак "Грозный шаарынын аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганын" айткан.

"Шаар бул маалда Моздок жана Владикавказ менен биргеликте украин дрондорунун чабуулуна дуушар болуп, Орусиянын абадан коргонуу системалары алардын мизин кайтарып жатканы" Кремлдин билдирүүсүндө белгиленет. Бирок учактын кулашына эмне себеп болгону ал жерде айтылган эмес.

Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы жаракат алган. Жабыркагандардын үчөө кыргызстандык.

Учак орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганы кабарланып, Орусия тарап буга комментарий бербей жаткан.

Дагы караңыз

ТИМ: Учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга кенемте төлөнөтУкук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткенин ырастадыХорватияда президенттик шайлоо өтүп жатат