Хорватияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Президенттик шайлоого катышып жаткан хорватиялыктар. 29-декабрь, 2024-жыл.

Хорватияда 29-декабрда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолу мамлекет башчылыгына сегиз талапкер ат салышууда. Алардын арасында азыркы президент, мурдагы социал-демократ Зоран Миланович дагы бар.

DPA агенттиги жазгандай, бийликтеги беш жыл ичинде Миланович оңчул көз караштары менен бир нече ирет популисттик кадамдарга барганы менен белгилүү.

Маселен ал Батыштын Украинага аскердик жардам берүүсүнө каршы. 58 жаштагы Миланович соңку кездерде өкмөт башчы Андрей Пленкович менен тирешип келет. Ошондой эле ал НАТОнун Украинаны колдоо боюнча машыгуу миссиясына өлкөсүн катыштырбай койгон.

"Бир да хорватиялык аскер бөтөн согушка катышпайт", - деген ал.

Анын эң негизги атаандашы - педиатр, медициналык генетика тармагы боюнча адис Драган Приморац. Ал көз карандысыз талапкер катары ат салышууда.

Приморац "Хорватиянын орду Чыгышта эмес, Батышта" деп белгилеп келет.

Талапкерлердин бири да биринчи айлампада 50% көбүрөөк добуш албаса, президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 12-январга белгиленери күтүлүп жатат.

Евробиримдикке мүчө болгон бул мамлекетте 3,8 миллион жаран добуш берүүгө укуктуу.

Дагы караңыз

Актаудагы учак кырсыгында набыт болгон 24 адамдын сөөгү Азербайжанга жөнөтүлдүАзербайжанда Орусиянын жарандары үчүн миграциялык эрежелер катаалдашы мүмкүнГрузия: Шайлоочулар коллегиясы президенттикке тандаган Михаил Кавелашвили ант берди