Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:54

Актаудагы учак кырсыгында набыт болгон 24 адамдын сөөгү Азербайжанга жөнөтүлдү


Актауда кыйраган учак. Казакстан. 25-декабрь, 2024-жыл.
Актауда кыйраган учак. Казакстан. 25-декабрь, 2024-жыл.

25-декабрдагы учак кырсыгында каза болгон 24 адамдын сөөгү ишембинин кечинде Актаудан Бакуга жөнөтүлдү. Алардын үчөө экипаж мүчөлөрүнүн сөөгү. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы Мангыстау облустук администрациясына таянып билдирди. Андан мурдараак Орусия жарандарынын сөөктөрүн алып кеткен.

Сөөктөрдү таануу иштери жүрүп жатканы кабарланган. Айрымдарына геномдук экспертиза талап кылынган.

Azerbaijan Airlines авиа компаниясына таандык жүргүнчү учагы Актау шаарына жакын жерге кулап, борттогу 67 адамдын 38и каза болгон. Аман калгандардын басымдуу бөлүгү лайнердин куйрук тарабынан орун алгандар болуп чыккан.

Учакта Азербайжан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары болгон. Казакстандык жарандардын баары набыт болушканы кабарланды.
Кыргызстандык үч жарандын экөөнүн абалы жакшы экени маалым болгон. Оор абалда деген Ринат Асановдун абалы жакшыра баштаганы, 28-декабрда ал эсине келгени кабарланган. Президенттин басма сөз катчысы аны мекенине алып келүү үчүн учак даяр турганын, бирок абалы жол жүрүүгө мүмкүнчүлүк бербесин билдирген.

Баку-Грозный багытында учуп бараткан учакты Чеченстандын борборундагы аэропорт жана башка жакынкы аба майдандары кондурбай койгон. Ошондон кийин учак Каспий деңизи аркылуу Казакстанга бет алган. Конуу учурунда учак жарылып, өрттөнүн кеткен.

Авиаэксперттер окуя болору менен эле учак Орусиянын абадан коргонуу системасынын аткылоосуна туш болушу ыктымалдыгын айтып чыгышкан. Учак орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганы кабарланып, Орусия тарап буга комментарий бербей жаткан.

28-декабрь күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжан президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө өлкөсүнүн аймагында болгон окуя үчүн кечирим сурады.


Путин Орусиянын абадан коргонуу системасы украиналык дрондордун чабуулунун мизин кайтарганын белгилеген, бирок учакты ракета атып түшүргөнүн так айткан эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG