Азербайжан Орусиянын жарандары үчүн миграциялык эрежелерди катаалдаштыруусу ыктымалдыгын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
"Убактылуу жүрүү жана миграция маселелеринде, ар бир тышкы саясий маселе сыяктуу эле, азербайжан тарап паритеттүү жана биргелешкен принциптерди карманат", - деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле Орусиядагы чет өлкөлүктөр үчүн чектөөлөр азербайжан жарандарынын "укук контекстинде" каралып жатканы кабарланды.
1-январдан тартып Орусия чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө визасыз жүрүү мөөнөтүн 180 күндөн 90 күнгө азайтат.
Орусиялык жарандар Азербайжанда 90 күн жүрө алышат. Ал эми узак мөөнөткө жашоо укугу жок жашап жүргөн орусиялыктар өлкөдөн чыгып, кайра кирсе (визаран), алардын жүрүү мөөнөтү дагы 90 күнгө узарат.
Эгер Баку миграциялык эрежелерин Орусиянын талаптарындай өзгөртсө, визаранга уруксат берилбейт.
Дагы караңыз
Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: Жүргүнчүлөрдүн дээрлик баары каза тапты Ооганстан: Дарыгерлерге жете албай көз жумгандар Грузия: Шайлоочулар коллегиясы президенттикке тандаган Михаил Кавелашвили ант бердиПутин "русофобияны" жектеген жаңы стратегияны бекиттиЖурналист Махабат Тажибек кызы тергөө абагынан түрмөгө которулганы кабарланды