Орусиянын президенти Владимир Путин "Экстремизмге каршы стратегия" тууралуу жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтардын расмий сайтына жарыяланды.
"Свобода" радиосу билдиргендей, жаңыланган стратегияда русофобия түшүнүгү алгачкы жолу киргизилген. Русофобия - "Орусиянын жарандарына, орус тилине жана маданиятына кастык, бир тараптуу, душмандык мамиле" деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле Орусияга дос эмес өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан дискриминациялык аракеттер да русофобия деп саналат.
Стратегияда экстремизм айрым мамлекеттер тарабынан гибриддик согуштар жана башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү үчүн колдонулуп жатканы белгиленген. Андагы экстремизмдин булактарынын арасында, "Орусияга коркунуч туудурган “радикалдуу неонацисттик түзүлүштөр” колдоого алынат" деген негизде Украина да аталган.
Документте украин кризиси русофобиялык маанайды күчөтүүгө жана Орусияга каршы гибриддик согуштарга кызмат кыларын белгиленип, Украина тараптан болуп жаткан коркунучтарды жок кылуу башкы милдет катары көрсөтүлгөн.
Ошондой эле туруксуздукка алып келүүчү факторлордун ичинде "атайылап" массалык башаламандыкка өтүп кетүүчү каршылык акциялары, мигранттардын мыйзамсыз аракеттери, эл аралык бейөкмөт уюмдардын "бүлүк салуучу иштери" аталган.
Стратегияда мындан тышкары чет өлкөлөргө "экстремисттик ишмердүүлүк кылганы" жана "дос эмес өлкөлөрдө экстремизмдин жышааны бар окуу борборлоруна окуганы " чыгып жаткан жарандарды каттоого алуу каралган.
Орусия 2022-жылы февралда Украинанын аймагын басып кирип, андан бери согуш уланып жатат. Анын кесепетинен он миңдеген адамдар каза болуп, миллиондогон украиналыктар качкын болушту. Кремлдин бул аракети дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн айыптоосуна кабылып, Москвага карата санкциялар жарыяланды. Ошол эле учурда Орусиянын ичинде согушка каршы чыккандар куугунтукталып, оппозициялык саясатчы, активисттер камалды.
Шерине