Түштүк Кореяда 181 киши түшкөн учак кырсыктады

Муан аэропортунда кулаган учак. Сеул, Түштүк Корея. 29-декабрь, 2024-жыл.

Түштүк Кореяга Таиланддан учуп келе жаткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону кабарланууда. Баштапкы маалыматтарга ылайык, кыйроонун натыйжасында кеминде 62 адам набыт болду, каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгы айтылып жатат. Окуя 29-декабрда, саат 9:07 чамасында болгон.

Башында 28 адам каза болгону кабарланса, бир нече сааттан кийин набыт болгондордун саны 62ге жетти. Түштүк Кореянын "Ренхап" агенттиги 28 адамдын сөөгү учактын куйрук тарабынан табылганын маалымдады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Jeju Air аба компаниясына таандык жүргүнчү учагы Бангкокдон учуп чыккан. Сеулдан 288 чакырым аралыктагы Муан аэропортуна конордо конуу тилкесинен чыгып кетип, кашаага урунган.

Кореянын телеканалдары кагылышуу болору менен катуу өрт чыккан кадрларды көрсөтүштү.

Азырынча эки адам тирүү калганы анык, куткаруучулардын маалымдашынча, алардын бири жүргүнчү, экинчиси экипаж мүчөсү.

173 жүргүнчү Түштүк Кореянын, эки адам Таиланддын жарандары болгон.

Кыйроонун себеби азырынча белгисиз. Баштапкы маалыматтарга караганда, учак канаттуулар менен кагылышуудан улам башкаруусун жоготкон болушу ыктымал. Yonhap агенттиги ушул себептен улам учактын дөңгөлөктөрүн - шассини башкаруу системасы иштебей калганын маалымдады.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак кулап, андагы 67 адамдын 38и набыт болгон. Учак Орусиянын Куралдуу "Панцирь" деп аталган ракетасынын соккусунан жабыркаганы кабарланган.

Бул окуядан үч күндөн кийин, 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сурады. Путин "Орусиянын аба мейкиндигиндеги кайгылуу окуя үчүн кечирим сурап, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтканы, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган". Ал Орусиянын абадан коргонуу системасы украиналык дрондордун чабуулунун мизин кайтарганын белгилеген, бирок учакты ракета атып түшүргөнүн так айткан эмес.

Дагы караңыз

Аяз Ата, Санта Клаус жана Жаңы жыл: Балдардын майрамын кастарлоо зарылПутин Актауда учактын кыйрашына байланыштуу Алиевден кечирим сурады Казакстандагы аба кырсыгы: Путин кечирим сурап, коргонуу системасы тууралуу айтты Актаудагы кырсыкта жаракат алган жигитти Кыргызстанга алып келүү үчүн учак даярдалды