Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Путин Актауда учактын кыйрашына байланыштуу Алиевден кечирим сурады


Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сураганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү Орусиянын сунушу менен болгону орус президентинин расмий сайтына 28-декабрдын кечинде жарыяланды.

Маалыматта Путин "Орусиянын аба мейкиндигиндеги кайгылуу окуя үчүн кечирим сурап, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтканы, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаганы" жазылган.

Путин Орусиянын абадан коргонуу системасы украиналык дрондордун чабуулунун мизин кайтарганын белгилеген, бирок учакты ракета атып түшүргөнүн так айткан эмес.

"Сүйлөшүүдө Актауда учактын кулашына байланышкан маселелер кеңири талкууланды. Өз убактысы менен бараткан азербайжандык жүргүнчү учак Грозныйдын аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылган. Бул убакта Грозный, Моздок жана Владикавказга украин дрондору чабуул коюп жаткан, Орусиянын абадан коргонуу системасы бул соккулардын мизин кайтарган. Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин 263-беренесинин (аба транспортунун кыймылы жана эксплуатацияда коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш ишин козгоду. Баштапкы тергөө аракети жүрүп, жарандык жана аскердик адистер суралып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Азыр Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда экени, Орусиянын Башкы прокуратурасы жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен чогуу иштеп жатканы кошумчаланган.

Орусия, Азербайжан жана Казакстандын тиешелүү адистери Актау шаарындагы кырсык болгон жерде жүргөнү да айтылган.

25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясына таандык, Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы жаракат алган. Жабыркагандардын үчөө кыргызстандык.

Учак орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганы кабарланып, Орусия тарап буга комментарий бербей жаткан.

Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирген.

Азербайжан тарап иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгына таянып кырсыкка "тышкы кийлигишүү себеп болду" деген маалымат тараткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG