Балдар үчүн "Баатыр жана ажыдаар" аңгемеси кыргызчаланды

Китептин мукабасы.

Балдарды башкаларга сый-урмат жана жакшылык кылууга үндөгөн “Баатыр менен Ажыдаар” аталышындагы аңгеме китеби кыргызчаланды.

Түрк балдар жазуучусу Севда Тубанын китебин “Китепстан” басма үйү кыргызчага которуп, басып чыгарды.

Аңгеме баатыр менен ажыдаардын мисалында коомдогу жек көрүүнү, жиктешүүнү тыйып, бири-бирине сый мамиле көрсөтүп, стереотиптерден арылып, толеранттуу коом курууга үндөйт.

Китепти кыргызчага Насыпбек Асанбаев которгон.

Аталган басма үйү буга чейин Гарвард университетинин профессору Жон Коттердин “Кырсык тооруган айсберг” (Our iceberg is melting) жана британиялык жазуучу Ханна Голддун балдарга арналган “Акыркы аюу” чыгармаларын кыргызчага которгон.

Дагы караңыз

Росавиациянын жетекчиси кулаган учак конордо Грозный дрон чабуулуна туш болгонун бышыктадыЕБ: Кабелди үзгөн деп шектелген танкер Орусиянын көмүскө флотуна таандык Эл аралык ишкердик кеңеши өлкөдө бизнести текшерүүлөр көп болуп жатканын билдирдиТүштүк Кореянын парламенти президенттин милдетин аткаруучуга импичмент жарыялоону колдоду