ТИМ учак кырсыгына кабылган бир кыргызстандыктын абалы оор экенин билдирди

Мангыстау облусуна кулаган учак.

Мангыстау облусуна кулаган учак.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Мангыстау облусундагы учак кырсыгына кабылган үч кыргызстандыктын экөөнүн абалы жакшы экенин, өмүрүнө корунуч жоктугун медициналык кызматкерлердин маалыматына таянып билдирди.

Азербайжандык, орусиялык жана казакстандык дарыгерлердин өткөргөн консилиумда бир кыргызстандыкты өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппаратына жаткыруу чечими кабыл алынган.

“Анын абалы оор деп бааланууда. Медициналык адистердин сунушуна ылайык, ага кандайдыр бир хирургиялык процесстерди баштоо мүмкүнчүлүгү анын абалы турукташкандан кийин гана каралат”, - деп жазылган билдирүүдө.

Кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктардын жакындарын 28-декабрда Казакстанга алып баруу пландалып жатканы маалымдалды.

ТИМ Мангыстау облусундагы кыргыз диаспоралары да көмөк көрсөтүп, жабыркагандардын жакындары менен байланышып жатканын белгиледи.

26-декабрда “Азаттык” учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктардын экөөнүн абалы жакшы экенин, алар ооруканадан чыгууга камынып жатканын тактаган. Басылма Мангыстау облусундагы “Ала-Тоо” кыргыз этномаданий бирикмесинин башчысы Маматкадыр Наркозуевге таянып, алардын бири 26 жаштагы Тилек Осмоновдун колу сынганын, 36 жаштагы Эрлан Жунусалиев белинен жараат алганын жазды.

Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түшкөн.

Маалымат агенттиктери билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.

Бортто экипаждын беш мүчөсүн кошкондо жалпы 69 киши бар болчу. Азербайжандын Зейналов 31 киши аман калганын билдирсе, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, аман калган 29 кишинин 27си ооруканага жеткирилген, 11и реанимация бөлүмүндө. (TAb)

Дагы караңыз

ДССУнун башчысы Санадагы аэропортко сокку урулганда ошол жерде болгонун билдирдиСириянын жаңы бийлиги Асаддын күчтөрү таянган шаарда операция баштадыЯнварь окуясы: Кыргыз, өзбектерди кыйнаган полиция кызматкерлерине үч жыл суралдыГазадагы соккуда палестиналык беш журналист каза тапканы кабарланды