Сириянын жаңы бийлиги кулатылган президент Башар Асаддын күчтөрү таянган шаарда операция баштады. "Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча, Тартус портунун жанында кармаштар жүрдү.
SANA маалымат агенттиги бир нече куралчан киши жок кылынганын маалымдады.
Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюм (Сирия обсерваториясы) Асаддын бийлиги менен байланышы бар үч киши окко учканын кабарлады.
25-декабрда ошол эле чөлкөмдө Асаддын тушундагы офицерди колго түшүрүү аракети учурунда жаңы бийликке баш ийген 14 коопсуздук кызматкери жана 3 куралчан адам набыт болгон.
Британияда жайгашкан обсерваториянын айтымында, Мохаммед Канжо Хасан Седная комплексинде кармалган “миңдеген кишилерге өлүм жазасын чыгарганы, жок жерден абакка салганы” үчүн айыпталууда.
АКШда жана бир катар өлкөлөрдө террордук топ деп таанылган "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму башкарган өткөөл өкмөттүн ички иштер министри Мохаммед Абдель Рахмандын айтымында, коопсуздук кызматкерлери буктурмага туш болгон.
Убактылуу бийлик “өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирген же жарандарга коркунуч жараткан күчтөргө каршы катуу чара көрүлөрүн эскертип келатат.
Батыш бөлүктөгү Тартус портунун калкынын басымдуу бөлүгүн Асад династиясын колдоп келген алавилер түзөт.
8-декабрда "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму баштаган Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар Асаддын режимин кулатканын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү башкарып келди.
Топтун башчысы Абу Мухаммед ал-Жулани Сириядагы азчылыктар басмырланбайт деп билдирген.
Бирок алавилер куугунтукка, чабуулдарга туш болушу ыктымал деп чочулашат.
Шаршембиде алардын ыйык жайына чабуул жасалды делген видео тарагандан кийин Сириянын бир нече жеринде нааразылык акциялары тутанган.
Дагы караңыз
Тилек: Учак кыйраганда колум сынды, иним реанимациядаАйбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болдуКоомдук жайда жүзүн жапкандар айыпка жыгылат. Парламент дин мыйзамын кабыл алды