Баткен: Чек арадагы түйшүк жараткан тилкелер, жергиликтүү элдин үмүтү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатат. 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы тактоо иштери аягына чыкканы кабарланган.

Бирок кайсыл тилке кандай чечилгени боюнча кеңири маалымат бериле элек. Баткендин чек араны тактоодо эң түйшүктүү болгон участокторунан кабар алганбыз.