Байден Пентагонго Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетүүнү тапшырды

АКШ президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден шаршембиде Коргоо министрлигине Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетилген шартта улантууну тапшырды.

Мындай билдирүү орус күчтөрү Украинанын энергетикалык системасын жапырт аткылай баштагандан кийин жарыяланды. Бул тууралуу “Америка авазы” басылмасы жазып чыкты.

“Рождествонун башталганда Орусия ракета жана дрондор менен Украинанын шаарларын жана өтө маанилүү энергетикалык объектилерге сокку урган. Мындай чектен ашкан чабуулдун максаты – украин элин кышында жарыксыз жана жылуулуксуз калтыруу, энергетикалык коопсуздукту коркунучка кептөө”, - деп айтылат Байдендин Ак үй тараткан билдирүүсүндө.

Соңку айларда Кошмо Штаттар Украинага жүздөгөн ракеталарды жана абадан коргонуу системаларын берген. Байдендин айтымында, алардын көбү жолдо.

Шаршембинин таңында Орусия Украинанын энергетикалык системаларына жана шаарларына канаттуу, баллистикалык ракеталар, дрондор менен сокку урган. Украинанын аймактык башчыларынын айтымында, соккулардын кесепетинен Харьковдо кеминде алты адам жараат алган, Днепропетровск облусунда бир киши каза болгон.

Дагы караңыз

Учак кырсыгынан улам 26-декабрда Азербайжанда аза күтүү жарыяландыРим папасы Рождестводо Газа, Украинадагы согуштарды токтотууга чакырдыТашиев аскердеги чоңсунууга чаралар күчөтүлөрүн билдирдиВладикавказда соода борборундагы жарылуудан киши өмүрү кыйылды