Алып баруучуларды чапкан Илимбек Исраилов беш суткага камалды

Илимбек Исраилов.

Бишкекте тойканалардын биринде иш-чаранын алып баруучуларын микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов беш суткага камакка алынды.

Мындай чечимди 25-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. Судья Илимбек Исраиловду Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул берене менен айып тагылгандарга 5500 сом айып салынат же 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартылат. Андан тышкары беш суткага чейин камакка алуу жазасы да каралган.

24-декабрда социалдык тармактарда бир адам микрофон менен алып баруучу Чыңгыз Рыскелдиевди, андан кийин анын жанында турган дагы бир алып баруучу Керемет Сабыржанованы чаап жибергени тартылган видео тараган.

Коомчулукта иш-чаранын алып баруучуларын чапкан адамды жазага тартуу талабын коюшкан.

Илимбек Исраиловго каршы ресторандын администратору арыз жазып, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренесине ылайык аны 24-декабрда райондук башкармалыктын убактылуу камерасына жеткирген.

Илимбек Исраилов бул окуя 22-декабрда болгонун айтып, алып баруучулардан жана коомчулуктан кечирим сураган.

Илимбек (Истамов) Исраилов эки ирет сот жообуна тартылган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп акцияга чыгып жүргөн. 2020-жылы Октябрь окуясында бийлик алмашкандан кийин бир катар медиа каражаттарын, “Сорос” фондунун жабылышын талап кылган топтун акциясына катышкан. 2022-жылы “Азаттыктын” кеңсесинин алдына келип, милициянын көз алдында журналисттерди ачык коркутуп, опузалаган. Бул боюнча милицияга арыз жазылганы менен, иштин жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.

“Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган адамдар менен быйыл 9-апрелде кармалып, камакка алынышкан. Кийин соттон акталып чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Министрдин орун басары "Бишкекте мурдагыдай ыш жок" деп айтты Түркияда зилзалада ураган мейманкананын ээси жана архитектору абакка кесилди Кыргызстандын ТИМи Казакстанда кулаган учакта кыргыз жарандары бар-жогун текшерүүдөОрунтаев Бишкекте эски үйлөрдү жаңылоо 2025-жылы башталарын маалымдадыВладикавказда соода борборундагы жарылуудан киши өмүрү кыйылды Башкы прокуратура тергөө абагындагы окуяны иликтеди