Жогорку Кеңеш коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Долбоордо “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.
Жыйында депутат Медербек Алиев бул мыйзам кабыл алынгандан кийин тергөө жана сот системасында чоң реформалар жасалышы керектигин, болбосо “көптөгөн кишилердин тагдыры сынып калышы мүмкүн” деген пикирин айтты.
“Салыштыра турган болсок, бул мыйзам от менен барабар. От менен үй жылытса да, чоң өрт чыгарса да болот. Менин сот тармагына чоң күмөнүн бар, алар адилеттүү иштейби? Коррупцияга шектелген ар бир адамдыш ишин дыкат карап чечим кылабы? Маселе бар. Укук коргоо тармагы боюнча тергөөчүлөр адилеттүү иштейби? Адамдык фактордон арылабы? Менде чоң суроо бар. Ошол үчүн мен Министрлер кабинетине сунуш киргизем. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин сот, укук коргоо тармагына реформага өтүү керек. Себеби бул мыйзамдын арты менен көп тагдырлар сынып калышы мүмкүн”, - деди Алиев.
Депутат Айбек Маткеримов айрым учурда таза кызматкерлер жалган-жалаа менен садага чабылып кетерин, укук коргоо органдарын ушундай жагдайларга кылдат көңүл бурууга чакырды.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка бир катар жазалар каралган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен айрым жерлерде паракорчулук күчөгөнүн айтты.
Атайын кызматтын төрагасы 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг өткөрүп, 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн айткан.
Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон. (TAb)