Депутат дарыгерлерди cот жообуна тартуунун жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштады

Винера Раимбачаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева биринчи медициналык жардам көрсөткөн дарыгерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жол-жобосун карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал 25-декабрда парламенттин жыйынында маселе көтөрүп, дарыгерлер соттун чечими менен камакка алына берсе “бул тармакта иштеген адистер калбай калат” деген пикирин айтты.

“Жакында бир дарыгер жубайлар камакка алынды. Бул көрүнүш абдан жаман. Биринчи медициналык жардамды карап чыгышыбыз керек. Ар бир дарыгер, айрыкча хирург, анестезиолог жана акушер-гинекологдор дайыма ушундай тобокелдик менен иштейт. Биз аларды качан коргойбуз? Анда бизде дарыгерлер калбай калат”, - деди Раимбачаева.

Жыйынга катышып жаткан Жогорку соттун судьясы Нургүл Бакирова депутаттарды соттук териштирүү боюнча нааразы болуп чыккан тараптын гана пикирин эмес, эки жактуу кароого чакырды. Айрым учурда сотторго басым болорун, мындай учур дарыгерлердин ишине байланыштуу териштирүүдө да кайсы тарап чуу салса, сотторго кысым болуп каларын кошумчалады.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча иш боюнча 23-декабрда өкүм чыкты. Ага ылайык, айыпталуучулардын бири – стоматолог Айганыш Кадыркулова (5 жыл 6 айга, жолдошу Данияр Таалайбеков 5 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары анестезиолог Айнура Туратбекова 6 жылга кесилди.

Ахунбаев атындагы Медакадемиянын медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков (И.М.Б.) 5 жылга кесилип, 3 жыл пробация берилди. Анын бөгөт чарасы камактан эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлүп, бошотулду.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соттук кароо быйыл апрелде башталган. (TAb)

Дагы караңыз

Бишкектеги ыш маселеси парламентте көтөрүлүп, өкмөттөн маалымат угуу сунушталды Садыр Жапаров иш сапары менен Санкт-Петербургга бардыОрусияда аскердик аэродром жайгашкан Миллерово шаарына дрон чабуулу болдуАкыйкатчы институту тергөө абагында 20дан ашык киши ачкачылык кармап жатканын ырастады