Израил Тегеранда ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлгөнүнө жоопкерчилик алды

Исраэл Кац.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац дүйшөмбүдө июлда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал уюмунун лидери Исмаил Ханиянын өлүмүнө израилдик аскерлердин катышы бар экенин биринчи ирет ачык моюнга алды.

Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Басылма мындай билдирүү Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалган кырдаалды ого бетер курчутушу мүмкүн деп жазды.

Израилдин коргоо министри кайрылуусунда: “Хусилердин террордук уюму Израилди ракеталар менен аткылап жатканда, мен аларга ачык кайрылуу жасагым келет. Биз ХАМАСты жеңдик, “Хезболланы” жеңдик, Ирандын коргонуу системасын бузуп, өндүрүштүк кубатын алсыраттык, Сирияда Асаддын режимин кулаттык, жамандыктын огуна олуттуу сокку урдук. Каршылык көрсөткөн акыркы борбор болгон Йемендеги террорист-хусилерге оор чабуулдарды коёбуз”, - деди Кац Коргоо министрлигинин аскерлерине арналган кечеде сүйлөп жатып.

Кац "Тегеранда Ханияны, Газада Синварды жана Ливанда Насралланы жок кылгандай, алардын башчылыгын жок кыларын, муну Ходейдадагыдай, Санадагыдай кыларын" кошумчалады.

ХАМАСтын мурдагы башчысы Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн.

Газада согуш башталгандан бери Иран колдогон хусилер Йемендин жээгин бойлой бараткан кемелерди бутага алып келет. Кызыл деңиз жана ал жердеги Баб-эл-Мандеб кысыгы аркылуу дүйнөдөгү соода кеме кыймылынын 12% өтөт, жүктүн 30% ташылат.

Хусилер Израилге байланышы бар кемелерди гана аткылап, Газадагы операция үчүн өч алганын айтканы менен, башка кемелер да кол салууга туш болууда.

Быйыл 17-январда Кошмо Штаттар хусилерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.

Дагы караңыз

Фицо менен Путиндин жолугушуусунан кийин Словакияда нааразылык акциясы өттүМелони: Орусия ЕБде бүлүк салуу үчүн мыйзамсыз миграцияны колдонушу мүмкүнСербияда түмөндөгөн кишилер өкмөткө каршы акцияга чыктыГрузиянын президенти 29-декабрда кайра шайлоо дайындоого чакырды