Бишкек: Тергөө абагында кармалгандар сабалганбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты адам абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдиришти.

Мунун алдында бир катар басылмалар Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан. Мекеме маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын маалымдады.